• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда айдоочуларды даярдоочу 5 мектепке айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. Ысык-Көл облусунда айдоочуларды даярдоочу 5 мектепке айып салынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында облустук милициянын ЖКККБ комиссиясы тарабынан айдоочуларды даярдоо мектептеринде текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, Ысык-Көл облусунда жалпы 21 унаа мектеби бар, анын ичинен 14ү жоопкерчилиги чектелген коом, жетөөсү кесиптик лицейлердин жана ЖОЖдордун базасында.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиянын талаптарын бузууга ылайык, 26 көрсөтмө берилип, 5 автомектепке айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 85 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий