• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 30 га жер аянты жана 23 турак үй сел кооптуулугунан корголду

Аймак 0

Бишкек. 06.12.23./Кабар/. Баткенде 30 гектар жер аянты жана 23 турак үй сел кооптуулугунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Халмион айыл өкмөтүнүн Эргенек участкасында габион торчолору орнотулду.

Жалпысынан 150 даана габион торчо орнотулуп, аталган участкада 23 турак үй, 30 гектар айыл чарба жер аянты жана 100 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий