• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты орнотулууда

Аймак 0

Бишкек. 06.12.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтына жаңы жылдык балаты орнотула баштады.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, балатынын бийиктиги 27 метр түзөт. Ал 2019-жылы сатып алынып, 5 жылдан бери орнотулуп келет. Балаты 15-декабрда жандырылмакчы.

Белгилей кетсек, балатыны жасалгалоо, шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 850 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий