• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аткезчилик активдешти. Баткен облусунун башчысы чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Баткен облусундагы укук коргоо органдары тарабынан 262 аткезчилик факты аныкталып, бөгөт коюлган. Бул тууралуу облустагы актуалдуу маселелерди караган кеңешмеде айтылды.

Анын ичинде “Баткен” бажысында 204 бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталып, натыйжада 4 млн 724 миң сом айып пул салынып өндүрүлгөн. Аталган фактылардан мамлекетке 3 млн 578 026 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ал эми УКМК тарабынан 58 учур аныкталып, мамлекеттик бюджетке 167 млн 483 миң 212 сом өндүрүлгөн.

Кеңешме облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги астында өтүп, анда облустун аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу тийиштүү жетекчилердин маалыматы угулду.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, акыркы мезгилде Тажикстан менен кѳзѳмѳлдөп-ѳткѳрүү пункттары расмий түрдө жабык болгондугуна байланыштуу коӊшу мамлекеттин чек арага чектеш аймактарында айрым товарларга талаптардын көбөйүүсү менен контрабандалык ишмердиктин күчөшүнө өбөлгө түзүлүп, эки тараптын кызыкдар болгон жарандары тарабынан аткезчилик иш аракеттери активдешкен.

Мындан улам облус башчысы Абдикарим Алимбаев укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик биргеликте мобилдик топторду түзүү менен бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды.

Тактап айтканда, чек арага чектеш район башчылары тез арада координациялык кеңешме өткөрүп, чек ара аймактарына кошумча постторду коюу, мобилдик топторду тузүү менен чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандар арасында жергиликтүү бийлик органдары жекече иш алып баруу, аларга юридикалык жактан эле чара көрүү менен чектелбестен, моралдык жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, дагы башка эфективдүү ыкмаларды колдонууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий