• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто калкты жана турак-жай фондун каттоочуларды окутуу боюнча семинар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Ош шаарында Ош, Жалал-Абад (Тогуз-Торо районунан башка), Баткен облустары жана Ош шаары боюнча райондук, облустук статистика органдарынын кызматкерлерине окутуучу семинар башталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 4-апрелге чейин жүргүзүлсө, алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майга чейин жүргүзүлөт.

Семинарга КР Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, Улутстаткомдун статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева жана башка адистер катышты.

Семинардын алкагында Улутстаткомдун кызматкерлери семинардын катышуучуларына эл каттоого киргизилип жаткан жаңы эрежелер жөнүндө айтып беришип, бул жолку эл каттоо электрондук форматта өтө тургандыгын белгилей кетишти. Улутстаткомдун адистери каттоочу барактын жаңы программасы менен семинардын катышуучуларын тааныштырышты. Семинарда КРнын эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча жаралган башка маселелер боюнча да талкуу жүргүзүлөт.

Так ушундай семинар кийинки аптада Бишкек шаарында өткөрүлөт. Ага Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын райондук, облустук, шаардык статистика органдарынын кызматкерлери катышат.

Пикир

Оставить комментарий