• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта милиция кызматкерлери сел кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев сел каптаган Кара-Дарыя айыл аймагына барышып, абалды жеринен көрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өз учурунда Ашим Тагаев жергиликтүү милицияга бир топ тапшырмаларды берип, эң башкысы коопсуздук жана ээси жок турак-жайларды талап-тоноочулукка жол бербөө керектигин белгилеп өттү.

Ал эми Сузак райондук милициясынын начальниги, милициянын подполковниги Эрнис Аскарбеков өздүк курамы менен сел алган Кара-Дарыя аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө менен катар табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүүдө. Милиция кызматкерлери сел ташкыны каптап, үй-жайлары ылайга толгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүшүүдө.

Сузак милициясы кече нөшөрлөп жаан жааган учурдан тартып аталган аймакта кызмат өтөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий