• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте батирден пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкекте батирдин ичинен пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Табышалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринде жашаган ээси байланышка чыкпай жана батирдин тышкы эшиги ачылбай жаткандыгы боюнча “112” кызматына маалымат келип түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын төрт куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда батирдин ичинен 86 жаштагы Г.Е. аттуу аялдын сөөгү табылган.

ӨКМдин куткаруучулары тарабынан маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий