• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 4 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир сутканын ичинде 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, Бишкектеги Чыгыш 5 кичи районундагы 18/1-үйүндөгү 50 чарчы метр мончонун жыгач дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол көчөсүндөгү №35 үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры, 4 чарчы метр пластик шыбы, 1 даана аристон, 1 даана кир жуучу машинасы күйүп кеткен. Өрттүн себеби - электр жабдууларды куроодо эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий