• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз

Аймак 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда Ош шаарында ишкерлер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана жеке ишкерлер катышты. Т.Сарыбашов ишкерлерди майрамдары менен куттуктап, шаардын өнүгүүсүнө биргеликте салым кошууга үндөдү.

“Биздин милдет экономикалык жигерди өрчүтүү, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана экономиканын структурасын өркүндөтүү болуп эсептелет. Ош шаарынын мэриясы инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытында такай иш алып барууда. Жергиликтүү бийлик ар дайым ишкерлерди ар тараптан колдоого даяр. Шаарыбыздын, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биргеликте салым кошолу”,-деди шаар башчысы.

Майрамык салтанаттын жүрүшүндө, Т.Сарыбашов Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече ишкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Иш-чарага 500гө жакын ишкерлер катышып, концерттик программа менен коштолду.

Айта кетсек, Ош шаарында каттоодон өтүп өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан 26 миңден ашуун чарбалык субъекттер жайгашкан. Алардын ичинен жүздөгөн өндүрүштүк ишканалар жана жеке ишкерлер товардык продукцияларды чыгарышат.

Алардын ар бири шаарыбыздын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий