• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 21-февралда Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда Эне тилинин эл аралык күнүнө арналган "Мамлекеттик тил - достуктун жана биримдиктин тили" аталышындагы фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Элмира Муратбекова, студенттер жана окуучулар катышты.

Фестивалда “Ариет” балдардын чыгармачылык борбору, маданият техникуму, лицейлердин студенттери жана таланттуу окуучулар тарабынан даярдалган ар улуттун ыр-бийлери, каада-салты, үрп-адаты көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова фестивалдын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, өзгөчөлөнгөн таланттууларга дипломдорду тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий