• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор жана Ат-Башыдагы мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Нарындын Кочкор жана Ат-Башы райондорундагы мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо максатында орто мектептердин башталгыч класстардын окуучуларына жөө жүргүнчүлөр өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек, жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маектер курулду. Ошондой эле окуучуларга жолдордо жана көчөлөрдө өзүн коопсуз алып жүрүүсү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, унаа жолдорго жакын жайгашкан орто мектептердин тушуна атайын кызматтык унаалар бекитилди. Эртең мененки убакытта окуучулар мектепке келүү учурунда жөө адам өтүүчү жерлерге милиция кызматкерлери туруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий