• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөдө ар эки жумада бир тил жоголот – ЮНЕСКО

Дүйнө 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Дүйнө жүзүндө ар бир эки жумада бир тил жер бетинде жок болуп, өзү менен кошо маданият жана интеллектуалдык мурастарды алып кетет. Бул тууралуу ЮНЕСКО уюму билдирет.

Уюмдун маалыматы боюнча, дүйнөдө сүйлөгөн алты миң тилдин кеминде 43%ы жок болуп кетүү коркунучунда турат. Көйгөй өкмөттүн мектептерде эне тилди окутууга тийиштүү көңүл бурбашынан жана санариптик дүйнөдө тилди жайылтууга жетиштүү деңгээлде маани бербестигинен келип чыгууда.

Ошол эле учурда ЮНЕСКО бүгүнкү күндө дүйнөдө тилдер маданий көп түрдүүлүктү сактоодо жана маданияттар аралык диалогду камсыз кылууда, ошондой эле кызматташтыкты чыңдоодо жана сапаттуу билимге жетишүүдө маанилүү роль ойнорун түшүнүү өсүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, дүйнөдө 21-февралда – Эне тил эл аралык күнүндө белгиленет. Мындан улам Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Пикир

Оставить комментарий