• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖМК: Бангладеште "Булбул" добулунан 26 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Бангладеш өлкөсүндөгү акыркы эки күндө болуп өткөн "Булбул" добулунун каза болгондордун саны 26га жеткенин Daily Star гезитине шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 13 адам көз жумгандыгы айтылган.

Маалыматка ылайык, катуу шамал адам өлүмүнө себепкер болгон. Ошондой эле кырсык катталган аймактын тургундарынын кээ бирлери сууга чөксө, калганы үйдүн кулашынан каза болгон.

Аны менен бирге, шашылыш билдирүүгө карабай деңизге чыккан 51 балыкчы дайынсыз жоголгон.

Кырсыктан Бангладештин 13 районундагы 100 миң турак үй жабыркаган. Добулдун айынан бир катар аймактар электр энергиясыз калган.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, окуя болгон аймактан 2,16 миллион адам атайын даярдалган баш калкалоочу жайга көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий