• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте күчтүү делген жаш шахматчылар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Борбор калаада балдар арасында шахмат боюнча Бишкектин биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Шахмат федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 1-9-ноябрь күндөрү өткөрүлдү. Биринчиликтин жыйынтыгында мыкты делген спортчулар 2020-жылы өтө турган Кыргызстандын биринчилигине тандалып алынды.

6 жашка чейинкилер арасында Дастан Жеңишбеков жана Аяна Токтаалиева жеңүүчү аталды. Ал эми, 8 жашка чейинкилер арасында Шабдан Токтобеков жана Жибек Сагынбекова, 10 жашка чейинкилер арасында болсо Наиль Алыбаков жана Айжан Съездбекова, 12 жашка чейинкилерде Нуриддин Юнусов жана Аймончок Жунушбекова, 14 жашка чейинкилер арасында Эльдияр Орозбаев жана Иманнур Момункулова, 16 жашка чейинкилерде Нурсултан Сакибаев жана Азалия Мирлан кызы, 18 жашка чейинкилерде Руслан Съездбеков жана Айпери Майрамбекова алтын медалды алышты.

Пикир

Оставить комментарий