• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык Рамина Цой футбол боюнча Дүйнө чемпионатында бир катар оюндарды тейледи

Спорт 0

Бишкек, 21.08.23./Кабар/. Кыргызстандык ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой 2023-жылкы футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатынын оюндарына калыстык кылып, өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуц Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 20-августта кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды, анын финалында Испания менен Англиянын курама командалары беттешишти. Испаниянын улуттук курама командасынын футболчулары атаандаштарын 1-0 эсебинде жеңип, дүйнө кубогунун ээлери аталышты.

Бул дүйнөлүк биринчиликте Кыргыз Республикасынан ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой иштеп, турнирдин жүрүшүндө бир катар оюндарды тейледи.

Турнирдин Испания-Коста-Рика тайпалык беттешинде мекендешибиз калыстын биринчи жардамчысы болду. Калыстар тобун австралиялык калыс Кейси Ребейт жетектеди, Си Лижун (Кытай) – анын экинчи жардамчысы болду. Резервдик арбитрдин милдетин Ким Южун (Түштүк Корея) аткарды.

Ошондой эле, Кытай – Англия оюнунда Цой Кейси Ребейтке жардам берди. Калыстын экинчи жардамчысы болуп Хеба Сади (Палестина) дайындалган, резервдик арбитр Маринеля Арая (Коста-Рика) болду. Ошону менен бирге, турнирдин эки оюнунда Цой резервде болгон.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 28 жаштагы мекендешибиз Борбордук Азия калыстар корпусун жалгыз өкүлү болду.

Андан сырткары, Цой кыз-келиндер арасында 2022-жылкы U-20 Дүйнө чемпионатын тейлеген жана ар кандай курактагы Азия биринчиликтеринин тандоо жана финалдык бөлүктөрүндө бир нече жолу калыстык кылган.

Пикир

Оставить комментарий