• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базарбаев: 205 миң чоңдор жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар министрлик аркылуу кызмат алат

Коом 0

Бишкек, 21.08.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Ааламдашуу мезгилиндеги угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жашоо” эл аралык форумунда майыптардын укуктарын камсыз кылуу боюнча маалымат берди.

Форумга Кыргызстан, Өзбекстан, Белоруссия, Россия, Молдова, Армениядагы бүткүл дүйнөлүк дүлөйлөр Федерациясынын регионалдык катчылыгынын мүчөлөрү - дүлөйлөр коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар “Ааламдашуу мезгилинде угуусу боюнча майыптардын жеткиликтүү жашоосун”, спорттун сурдоолимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүнү талкуулашып, угуусу боюнча майыптарды реабилитациялоо жана мамлекет тарабынан колдоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кыргызстанда 205 миң майып адам жашайт, алардын 9 миңи угуусу начар адамдар. "КР Социалдык камсыздоо системасы майыптыгы бар адамдарды колдоонун ар кандай чараларын камтыйт, анын ичинде жөлөкпулдар жана компенсациялар, ар кандай кызматтарды көрсөтүү жана протездик буюмдар. Белгилей кетсек, өлкөдө майыптыгы бар адамдарды колдоого КР президенти Садыр Жапаров тарабынан болуп көрбөгөндөй көңүл бурулууда.

Жарым жылдан ашык убакыттын ичинде чоңдорго жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бардык төлөмдөр 50дөн 100%га чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле жеке ассистенттин кызматы үчүн төлөм көбөйтүлдү, аны былтыртан бери бала кезинен I топтогу майыптыгы бар чоңдор да ала алышат. Бүгүнкү күндө бул кызматты 13,7 миңден ашык чоңдор жана балдар пайдаланат. Психоневрологиялык пансионаттардагы тамак-аш үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдаштыруу боюнча көп иштер аткарылууда. Өткөн жылдын аягында мамлекет башчысы реабилитациялык кызмат көрсөтүүчү «Келечек» мамлекеттик ири реабилитациялык борборун ачкан. Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик социалдык заказдан каражат алып, бейөкмөт уюмдар 2000ден ашык чоңдор менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга түрдүү кызматтарды көрсөтөт. Бул үчүн 13 миллион сом бөлүнгөн.

Иш менен камсыз кылуу кызматтары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кесипке үйрөтүүгө жана ишке орноштурууга активдүү көмөктөшөт.

Кошумчалай кетсек, "Социалдык контракт" долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жакшыртууга жардам берет. Катышуучулар өздөрүнүн бизнес-долбоорлорунан киреше алуу менен 1,4 миңден ашык чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган үй-бүлөлөрүнүн турмушун жакшыртышат», - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий