• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысын жана адисин кармады

Дүйнө 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы жана адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери автотранспорт каражаттарын ташуучу жеке адамдар менен макулдашууга барып, туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, анда жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен, бул аларга импорттук бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. Буга карабастан "Унаа" мамлекеттик ишканасынын башчысы жана адистери материалдык пайда алуу максатында акыркы бир нече жыл аралыгында Кореядан автотранспорт каражаттарын ташып келүү менен алектенген жеке адамдар менен тил табышып, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында коррупциялык схема түзүүгө тиешеси бар деп, 2024-жылдын 19-февралында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя бөлүмүнүн башчысы К.А.Т. жана мекеменин адиси К.Т.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Учурда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий