• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Президент 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, иш сапары менен Россия Федерациясына учуп кетти.

Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында президент Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Пикир

Оставить комментарий