• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай Жибек жолун өнүктүрүүгө 100 млрд юань бөлөт

Дүйнө 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Кытай Жибек жолу фондуна кошумча 100 млрд юань бөлө тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу Кытайдын башкы гезити "Жэньминь жибао" КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин форумдагы сөзүн чагылдырууда билдирген. Доллардын азыркы курс боюнча бул сумма болжол менен 15 млрд АКГ долларына барабар.

Кытай Алкакты жана Жол демилгесин каржылык колдоону көбөйтүп, “Жибек жолу” фондуна кошумча 100 млрд юань бөлөт. Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин бул тууралуу Пекиндеги Жибек жолундагы өлкөлөрдүн эл аралык кызматташуусу боюнча форумдун ачылыш салтанатында билдирди.

Ошол эле учурда Кытай сунушталган 300 млрд юань өлчөмүндө эл аралык ишкерликти жүргүзүүдө каржы институттарын колдоого ниеттенет. Кытай өнүктүрүү банкы жана Кытай Экспорттук-импорттук банкы 250 млрд юанга жана 130 млрд юанга насыя берү атайын схемаларын түзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий