• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто 18,7 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Ош шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 16,44 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер тилкелери боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды.

Натыйжада прокурордук талаптын негизинде 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий