• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун башчысы административдик-аймактык реформа тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов облуста жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, реформаны ишке ашырууда аппараттын структурасы өзгөрүлүп, жаңы штаттык бирдиктер ачылды.

“63 айыл аймагы бириктирилип, 27 айыл аймагы түзүлдү. 246 штаттык бирдик кыскарып, 113 млн сом үнөмдөлдү. Өз кезегинде, жергиликтүү бюджет 1,5 млрд сомго жетти”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда административдик-аймактык реформа 2 айлык мөөнөттө ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий