• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Дайынсыз болуп аткан 4 жаран тик учак менен Баткенге алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам дайыны чыкпай жаткан Кыргызстандын 4 жараны табылып, тик учак менен Баткенге алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары болушкан, куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, бекинип жатышкан.

"Табылган 4 ак-сайлыктардын арасында кары адам болгондуктан алар тик учак менен Баткенге алып келинди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде куралдуу кагылыштан кийин 4 жарандын дайыны чыкпай жатканы тууралуу кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий