• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн аймактарды кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун табигый кырсыктардан жабыр тарткан Кадамжай шаарынын Орозбек айыл өкмөтүн жана Лейлек районунун айылдарын кыдырууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, май айынын биринчи жана экинчи он күндүгү жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн түштүгүндө табигый кырсыктар катталып Жала-Абад, Ош, Баткен облустарынын бир топ айылдарын сел каптаган.

Мындан улам селдин кесепеттерин жоюну, дамбаларды, жээктерди бекемдөө иштерин жеринде көрүү максатында министр Ажикеев иш сапары менен түштүк аймагында жүрөт.

Буга чейин жаз-жай мезгилдеринде жүрүүчү селдин алдын алуу иштери ӨКМ тарабынан жасалган. Аймактардагы сел өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо, жээктерди, дамбаларды бекемдөө иштеринин жүргүзүлгөнүнө карабай бир катар айылдарды сел каптаган.

Пикир

Оставить комментарий