• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

5 миң кыргызстандык иштөө үчүн Түштүк Кореяга жөнөтүлөт - Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түштүк Кореянын адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын президенти У Су Бонг, Түштүк Кореянын адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын башкы директору Пак Дон Джун, Түштүк Кореянын адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын директору Ан Хун Мин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан Түштүк Корея менен эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга ниеттенип жатканы белгиленди.

"Кыргызстандын президентинин "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун негизинде биздин министрлик Кыргызстандан эмгек мигранттарынын дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө активдүү чараларды көрүп жатат.

Азыркы учурда биз Түштүк Корея тарап менен жарандарыбызга 5 миң квота бөлүп берүү боюнча келишимге кол койдук, бул жылы биз Улуу Британияга миң кыргызстандыкты айыл чарба иштерине жөнөтүүнү пландаштырып жатабыз, ошондой эле Германия менен келишимге кол коюлду. Сиздин келишиңиз Түштүк Корея менен кызматташууну кеңейтүүгө күчтүү түрткү берет деп ишенебиз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий