• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2016-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жарандардан 1383 арыз жана даттануу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 2016-жылы жарандардан 1383 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бул тууралуу 21-февралда, Министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Аймактарга жараша алып карай турган болсок, түшкөн арыздардын түзүмү төмөнкүчө чагылдырылат: Бишкек ш. - 44,5%, Ош областы - 8,4%, Чүй областы - 15,1%, Жалал-Абад областы - 9,1%, Нарын областы - 10,2%, Ысык-Көл областы – 7,0%, Баткен областы - 2,6% жана Талас областы - 3,1%.

Кайрылуу предмети боюнча түшкөн арыздар төмөнкүдөй түзүмгө ээ:

- мамлекеттик жөлөкпулдар - 20,8% (287 бирдик);

- материалдык/гуманитардык жардам көрсөтүү – 20,0% (276 бирдик);

- жеңилдиктерди берүү – 12,4 % (172 бирдик);

- майыптуулук тобун аныктоо - 7,3% (101 бирдик);

- үй-бүлөгө жана балдарга кызматтар -6,9% (96 бирдик);

- ДМЧА жана улгайган жарандарга кызматтар – 6,6% (91 бирдик);

- иш менен камсыз кылууга жана жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү – 11,9 % (165 бирдик);

- ар түрдүү (угуу аппараты, тиш протездөө, ССМ аныктоо, СӨБ жетекчилерине жана кызметкерлерине даттануулар, сан-курорт жолдонмолор, гендер, укуктук, финансылык маселелер ж.б.) -14,1% (195 бирдик).

Отчеттук мезгилде «Kattar.kg» интернет-порталы аркылуу жарандардын 48 кайрылуусу келип түшкөн. Министликтин маалыматы боюнча 2016-ж. 12 айынын жыйынтыгы боюнча кайрылуулар белгиленген тартипте каралган жана өз убагында жооптору берилген, аткарылбаган же мөөнөтү кечиктирилип аткарылган кайрылуулар жок.

Ошондой эле, Министрликтин жетекчилиги 367 адамды кабыл алган, анын ичинен Министр -211, статс-катчы -50, министрдин орун басарларыы -106.

Коомдук кабылдама 686 адамды кабыл алган, андан 342 адамдын суроосу оң чечилген, калгандарына түшүндүрмө берилген.

Пикир

Оставить комментарий