• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Садырбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Садырбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат, - деп маалымдайт Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 16-июндан тарта Садырбаев көчөсүнүн жогорку тилкеси Семетей көчөсүнөн Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Аталган тилкеде асфальт төшөлүп, жол белгилери орнотулат. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына чейин уланат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий