• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир айда Кыргызстанга 120 баш асыл тукум кунаажын жана жылкы алып келинди

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-февралына карата (бир ай ичинде) Кыргызстанга 30 баш асыл тукум кунаажын жана 90 баш асыл тукум жылкы алып келинди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аларга Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан асыл тукумдуулугун тактаган маалым кат берилди.

Эске салсак, 2023-жылы жалпы 401 баш асыл тукум кунаажын, 770 баш асыл тукум жылкы, эт багытындагы СОВВ-500 породасындагы 59 миң 40 даана асыл тукум жөжө республикага алып келинип, асыл тукумдуулугун тастыктаган маалым каттар берилиген.

Пикир

Оставить комментарий