• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СИЗОго баңги зат, акча, уюлдук телефонду кандай жолдор менен алып кирүүгө аракет кылышат? ЖАМК башчысы жооп берди

Коом 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров СИЗОго кантип баңги заттарын, акча жана уюлдук телефонду өткөрүүгө аракет кыла тургандыктарын айтып берди.

Анын айтымында, жакында эле түрмөгө кайнатылган койдун башынын ичине баңги затын жана акча салып өткөрүүгө аракет кылган факты аныкталган.

“Жүктү алып өтүүгө аракет кылган шектүүлөр ЖАМК кызматкерлери тарабынан чакыртылган аймактык милиция кызматкерлери тарабынан карамалышкан. Ар кандай жол менен жүк өткөрүүгө аракет кылган жагдайлар көп кездешет”, - деп билдирди Жапаров.

Анын айтымында, ЖАМК кызматкерлери баңги заттарды, акча, уюлдук телефондорду ар кандай азыктардын жана буюмдардын ичинен табышат.

“Мисалга, майдын, шампундун, алма ширесинин ичинен табылат. Абактагылардын тууган, достору тарабынан аракеттер көп болот. Бирок кызматкерлер андай аракеттерге бөгөт коюуга аракет кылышат”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий