• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Корея, Япония, Филиппинден 19 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнь күнү Кыргызстанга Корея (4), Япония (6), Филиппинден (9) 19 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандарды мекенине кайтарууда Казакстан тарап көмөк көрсөткөн. Алар “Air Astana” авиакомпаниясынын учагы менен Алматыдагы аэрпортко учуп келип, андан кийин атайын унаа менен Бишкекке алынып келген.

Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.

Министрликтен белгилешкендей, чет жердеги кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий