• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Менин саламаттыгым – менин укугум” аттуу жарыш өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бишкекте “Менин саламаттыгым – менин укугум” аттуу жарыш өтөт. Ал 1,5 км аралыкты түзөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Спорттук иш-чара 6-апрелде “Газпром” балдар спорттук-эс алуу комплексинде саат 10:00дө старт алат.

Белгилей кетсек, жарыш бир жумадан кийин Кыргызстандын бардык аймактарын камтый турган “Ден соолук кербенинин” старт алуу пункту болот.

Жарыш Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналып өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий