• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министрлиги менен K-Water компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бүгүн Энергетика министрлиги менен Кореянын Суу ресурстары корпорациясы (K-Water) ортосунда парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык меморандумуна кол коюу.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке энергетика министринин орун басары Байгазиев Талайбек Аскарович жана K-Water компаниясынын башкы директору Юн Сог Дэ кол коюшту.

Белгиленгендей, кол коюу аземине Энергетика министрлигинин, кореялык компаниянын өкүлдөрү жана "Чакан ГЭС" ААК жетекчилиги катышты.

Белгиленгендей, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаты кызматташуунун жалпы негизин камсыз кылуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу менен парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча эл аралык долбоорлорду чалгындоо жана өнүктүрүү чөйрөлөрүндө прогресске көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий