• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Академиясы кызматтык бош орундарга сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясы профессордук-окутуучулук курамдагы бош кызматтык орундарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Аскердик жана атайын-тактикага даярдык кафедрасына – доцент; Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасы - доцент, окутуучу; Ыкчам издөө ишмердүүлүк кафедрасы –доцент; Тилге даярдык кафедрасы - ага окутуучу, окутуучу;

Коомдук-саясий сабактар кафедрасы - окутуучу, Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы – окутуучу; Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы – окутуучу; Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы – окутуучу, Криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасы – окутуучу талап кылынат. Жалпысынан 14 бош орун бар.

Профессордук-окутуучулук курамга квалификациялык талаптар:

Доцент кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий наамы же болбосо илимий-педагогикалык же ИИОдо 5 жылдан кем эмес иш практикалык тажрыйбасы бар адистер (илимий даражасы же илимий наамы барларга артыкчылык болот);

Ага окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.

Окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.

Бардык талапкерлер бир ай ичинде жазуу түрүндө арыз менен ИИМдин Академиясына кайрылып, КРнын ИИОдо кызмат өтөө Жобосунун 29-пунктуна ылайык,керектүү иш кагаздарын тапшыруусу зарыл.

Сынакка талапкерлерди кабыл алуу жана иш кагаздарын топтоо2017-жылдын 8-ноябрынан8-декабрыначеийн жүргүзүлөт.

Сынактын катышуучулары төмөнкү текшерүүлөрдөн жана сынактардан өтөт:

  • аскердик-дарыгерлер комиссиясынын аныктамасы (ВВК);
  • дене тарбиялык даярдыгын текшерүү (ССК);
  • негизги жана предметтик жазуу тести;
  • аңгемелешүү

Байланышуу булактары:

Бишкек ш. КР ИИМдин Академиясы

Ч.Валиханов к. (мурдагы Чолпон-Ата) 1-а

телефондор: 63-14-19 (Кадлар бөлүмү), 63-16-68 (Нөөмөт бөлүмү)

Электронндук дарек: iima2000@mail.ru

Пикир

Оставить комментарий