• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында 15-20 метрге чейин жетүүсү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +1...+6, Талас облусунда -1...+6, Ош жана Жалал-Абад облустарында +9...+14, Баткен облусунда +8...+13, Ысык-Көл облусунда -2...+3, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -0...-5, ал эми тоолуу аймактарында -7...+12 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий