• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК салык төлөөчүлөр менен өз ара иштешүүнү жеңилдетүү үчүн жаңы инструменттерди ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр менен өз ара иштешүүнү жакшыртууга багытталган жаңы сервистерди тестирлөөгө даяр экендигин билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, Салык кызматы менен бизнес тармагынын маалымат алмашуу процессин оптималдаштыруу, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара иштешүүнү жөнөкөйлөтүү, товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебин жүргүзүү системасынан электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жөнөтүү жана алуу боюнча сервистер иштелип чыккан.

Бул система салык органынын маалыматтык системаларын колдонууну талап кылбагандыктан эсептөөчү жана коштоочу документтер менен иштөөдө убакытты жана ресурстук чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Салык кызматы эсеп системаларынын жана башка санариптик платформалардын кызыкдар операторлорун көрсөтүлгөн сервистерди тестирлөөгө жана аларды андан ары ишке киргизүүгө катышууга чакырат.

Жаңы сервистерди тестирлөөгө кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Салык кызматына коштоочу программалык продуктуга ээ болуу же эсеп системасынын лицензиялык программалык камсыздоосун колдонуу укугун тастыктаган документтери тиркелген кат менен кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий