• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 28-29-мартта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий