• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтынай Койчуманова: «Үмүт» жаш режиссерлорго пайдалуу байланыш жана билим берет

Маданият 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Жаш киночулардын жылда өтүүчү форуму Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген режиссерлорду, кино таануучуларды, продюсерлерди жана кинофестивалдардын программалык директорлорун чогултат.

Бишкекте ушул жуманын соӊунда Жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму башталат. Үч күн аралыгында чыгармачыл аянттарда мастер-класстар, лекциялар өтөт жана кыргызстандык режиссерлердун, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген форумдун катышуучуларынын фильмдери көрсөтүлөт. Иш-чарада кинофестивалдар жарманкеси өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстандык кинопродюсер Алтынай Койчуманова - анын катышуучуларынын бири.

Алтынай продюсерлик кесипте 2004-жылдан бери иштейт жана көбүнчө эл аралык ко-продукцияларды өндүрүүгө катышып келет. «Мен Актан Арым Кубаттын жана Мирлан Абдыкалыковдун фильмдери менен сыймыктанам, алар көптөгөн сыйлыктарды жеӊип алышты, алдыӊкы фестивалдарга катышты, ошондой эле Кыргызстан үчүн актуалдуу жана маанилүү темаларды көтөрүп келет. Ошону менен бирге эле, былтыр Post Space Film Camp кинолагеринин биринчи чыгарылышын ийгиликтүү өткөрүүгө абдан кубандым», - деп кинопродюсер өзүнүн долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Ал «Фестивалдар жарманкесинде» Post Space Film Camp кинолагерин көрсөтөт. Бул дүйнөлүк деӊгээлдеги трендсеттер жана десижн мейкерлердин жана Борбордук Азиянын жаӊы иш баштаган таланттуу киночуларынын башын кошкон сейрек интеллектуалдык кинолагерь болуп саналат. Кинолагерь алкагында пайдалуу билим, байланыш, идеяларды жана кино долбоорлорду түзүү жана алдыга илгерилетүү үчүн шыктануу алууга болот.

Эл аралык кинофорумдун миссиясы жөнүндө ой бөлүшкөн Алтынай, бул иш-чара жаш киночулар үчүн өздөрүнө көӊүл бурдурууга, пайдалуу байланыштарды түзүүгө жана билим алууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

«Бизде жаӊы көндүм жана билим алууну каалаган, дүйнөлүк кинонун тенденцияларына байкоо салган, эксперимент жасоодон коркпогон жаш таланттуу киночулар көп. Бул жагынан потенциал абдан чоӊ, андыктан алар иштин башында көбүрөөк колдоо алышын каалайт элек. Өзгөчө биринчи кыска метрдеги эмгектерди түзүүгө колдоо көрсөтүү абдан маанилүү болуп саналат», - деп баса белгиледи форумдун катышуучусу.

Анын пикири боюнча, Кыргызстанда коммерциялык кино тартуу кирешелүү – муну көп сандаган тасмалардын чыгарылышы тастыктап турат. Коммерциялык ийгиликтүү тасманы өндүрүү үчүн аудиториянын талабына шайкеш келүү, ошондой эле фильмге жакшы PR жасоо керек деп Алтынай Койчуманова эсептейт. Андыктан жаӊы иштей баштаган режиссерлорго дагы бир жөнөкөй кеӊеш берет: «Ийгиликтүү кыска метрдеги эмгек жаратуудан кийин толук метрдеги фильм тартуудан корпогула!».

Пикир

Оставить комментарий