• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Евразиянын улуу уулу" аттуу конференция өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-декабрында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Евразия элдеринин ассамблеясы, Россия Федерациясынын Коомдук палатасы жана ЮНЕСКОнун колдоосу астында Маданияттарды жакындаштыруу эл аралык борбору менен биргеликте дүйнөлүк адабияттын классиги, философ жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Евразиянын улуу уулу» аттуу эл аралык конференциясын өткөрдү.

Элчиликтин маалыматына караганда, жыйындын башында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Евразия элдеринин ассамблеясынын ортосунда 2022-жылы ишке ашыруу белгиленген биргелешкен долбоорлор боюнча ниеттер жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Конференцияда «Чыңгыз Айтматов – дүйнөлүк адабияттын классиги», «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы евразиялык маданияттардын көпүрөсү катары», «Ч.Айтматовдун керээзи: Бүгүн, эртең жана ар дайым адам болуу», «Эл аралык коопсуздукту чыңдоо жана гуманитардык идеяларды илгерилетүү» деген темаларда иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы шаарларынан, анын ичинде Бишкек, Алматы, Ташкент, Лондон, Санкт-Петербург жана Москвадан онлайн режиминде белгилүү адабият таануучулар, жазуучулар, илимпоздор, акындар жана коомдук ишмерлер катышты.

Конференциянын катышуучуларына РФнын Коомдук палатасынын этнос жана диндер аралык мамилелерди шайкеш келтирүү боюнча комиссиясынын төрагасы Владимир Зорин жана Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Конференциянын катышуучуларына “Чыңгыз Айтматов – күндөр жана кылымдар” даректүү тасмасынан үзүндү көрсөтүлдү, анын автору жана режиссеру Григорий Нахапетов тасманын тартылышы тууралуу айтып берди.

Ч.Айтматовдун санаалаштарынын арасынан анын өмүрүнүн Москвада жашаган мезгилин эскерүү менен жакын достору, замандаштары – искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Россиянын Көркөм академиясынын вице-президенти Андрей Золотов, Москва Жазуучулар союзунун мүчөсү, котормочу журналист, РФнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Муса Мураталиев сөз сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы Надырбек Алымбеков менен Казакстан Республикасынын Эл жазуучусу, Евразия элдеринин ассамблеясынын Аксакалдар кеңешинин теңтөрагасы Олжас Сулейменов Айтматов менен биргелешкен эмгектери жана достуктун айрым эпизоддору тууралуу айтып беришти.

Андан кийин залкар жазуучунун чыгармалары боюнча эксперттер жана изилдөөчүлөр, Лондондогу Ч.Айтматов академиясынын негиздөөчүсү Рахима Абдувалиева, Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты борборунун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева, Чыңгыз Айтматов атындагы “Чек арасыз диалог” эл аралык фондунун Президенти Фарход Устаджалиловдор сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө элчиси Гүлнара-Клара Самат татаал санитардык-эпидемиологиялык абалга карабастан конференциянын ар бир катышуучусуна жеке катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирип, Ч.Айтматовдун КРнын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы катары көп кырдуу чыгармачылык өмүрүнүн жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүнүн маанилүү учурларын белгиледи.

Г.-К. Самат адамзаттын жана заманбап цивилизациянын өнүгүүсүнүн социалдык-маданий көйгөйлөрү дагы деле күн тартибинде турганын, алар өзгөчө пандемия шартында барган сайын актуалдуу жана көйгөйлүү болуп баратканын белгиледи. Ушуга байланыштуу Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун интеллектуалдык жолугушуулары мезгилдин талабы экендиги билдирип, анын кезектеги жыйыны автордук укук ээлери жана Ч.Айтматовдун жакындары менен макулдашып, КРнын РФдагы элчилигинин демилгеси менен Евразия элдеринин ассамблеясынын өнөктөштүгү менен уюштурулуп жаткандыгы баса белгиленди.

Конференциянын катышуучулары жазуучунун чыгармачылыгын жалпы евразиялык маданияттын жана дүйнөлүк классикалык адабияттын өнүгүүсүнүн контекстинде талдап, анын улуттар аралык ынтымакты чыңдоодогу жана гуманисттик идеяларды жайылтуудагы ролун талкуулашты.

Жыйындын модератору болгон Башкы катчынын биринчи орун басары – Евразия элдеринин ассамблеясынын Башкы катчылыгынын жетекчиси Светлана Смирнова конференцияны: «Адамдын болмушунун мааниси анын рухунун өзүн-өзү өркүндөтүүсүндө - дүйнөдө андан өткөн жогорку максат жок. Бул акыл-эстүү жандын сулуулугу - рухтун жаркыраган кемчиликсиздигине чексиз кадамдар менен күндөн-күнгө бийик көтөрүлүү» - деген Ч.Айтматовдун сөзү менен жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий