• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Стамбулда Сагымбай Орозбаковду даңазалоо иш-чарасы уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ 9-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Баш консулдугу жана Türk Ocakları İstanbul Sübesi (Түрк очоктору уюмунун Стамбул бөлүмү) менен бирдикте Стамбул шаарынын Али Емири Ефенди маданият борборунда Кыргыздын улуу манасчысы Сагымбай Орозбак уулунтаанытуу, даңазалоо жыйынын өткөрдү. Бул тууралу бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин маалымат берди.

Иш-чара манасчынын 150 жылдыгына арналды. Казакстандык окумуштуу Аскар Турганбаев, түркиялык окумуштуу Али Даштан,кыргызстандык окумуштуулар Гүлзура Жумакунова, Алмазбек Токтомаметов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов манасчы Сагымбай Орозбак уулунун манасчылык артыкчылыктары, касиет-колдоолору, андан “Манас” эпосун жазып алуудагы оош-кыйыштар, “Манас” эпосун коргоп калуунун тарых-таржымалы, андагы Мухтар Ауезовдун өзгөчө эмгеги, “Манас” эпосун окутуу, Түрк дүйнөсүнө жана адамзат дүйнөсүнө таанытуу аракеттери, өксүктөрү туурасында узун сабак кеп курушту.

Белгилүү манасчы Рысбай Исаков жыйын катышуучуларына “Манас” айтып, жүрөк толкуткан маанай жаратты. Кеченин соңунда ТҮРКСОЙдун эстелик белектери Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Баш консулу Эркин Сопоков мырзага, Türk Ocakları İstanbul Sübesiнин башчысы Жезми Байрам мырзага жана баяндамачыларга, манасчыга тапшырылды.

Кыргыздын улуу манасчысы Сагымбай Орозбак уулун таанытуу, даңазалоо жыйынынын катышуучулары иш-чарадан мурда Стамбул шаарындагы Манастын эстелигине зыярат кылышты.

Пикир

Оставить комментарий