• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Севастополдогу эл аралык фестивалда эки кыргыз тасмасы сыйлык алды

Маданият 0

Бишкек, 23-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын эки тасмасы “Бирге жеңдик” эл аралык фестивалында байгеге ээ болушту. Бул тууралуу www.kyrgyzcinema.com сайтында айтылат.

Белгиленгендей, “Бирге жеңдик” XIII эл аралык фестивалы Севастополдо 14-19-майда өттү.

Мыкты дебют сыйлыгын “Айтматов окуулары” (режиссеру Рысбай Садыков) тасмасы алды.

«Рахмат, дарыгер!» (режиссеру Адилет Каржоев) тасмасы басма сөздүн “даректүү тасмадагы гумандуулук миссиясы” атайын сыйлыгына татыктуу болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан бул фестивалга катышууга эки даректүү тасма тандалып алынган.

“Чагылыш” даректүү тасмалар сынагына Адилет Каржоевдин «Рахмат, дарыгер!» (Кыргызстан, Франция, Польша, 2016, 26 мүнөт) тасмасы киргизилген. Тасманын каарманы – белгилүү кыргыз хирургу Эрнст Хашимович Акрамов.

Жалпысынан бул сынакка Россия, Польша, Бельгия, Германия, Франция жана башка өлкөлөрдөн 14 тасма тандалган.

Сынактан тышкары “Киномектеп” программасына Рысбай Садыковдун “Айтматовдун окуулары” (2017, 25 мүнөт 52 сек.) тасмасы киргизилген. Бул Рысбай Садыковдун дипломдук иши.

Р.Садыков өзү билдиргендей, “Айтматовдун окуулары” – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү тууралуу биографиялык тасма. Тасмага Чыңгыз Төрөкуловичтин карындашы – Роза Төрөкуловна жана КР Эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров катышат.

Пикир

Оставить комментарий