• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-25-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалын өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара аталган министрлик, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы жана «Арт Араба» коомдук фонду менен тарабынан өткөрүлүүдө.

Аталган эл аралык фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги дүйнөлүк эпикалык мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары 2006-жылы негиздеген. Фестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.

Дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөгөн фестиваль, КР президентинин “Инсанды руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу багыт алат.

Учурда Фестивалга 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Фестивалдын программасында эпос тануучулар жана окумуштуулар арасында "Дүйнө элдеринин эпикалык салттары: Мифологиялык семантика менен типологияны изилдөөнүн аспектилери" аталышындагы VI Эл аралык илимий -практикалык симпозиум, "Манас" эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият тегерек столу өтөт. Ошондой эле, фестиваль күндөрү “Кыргыз көчү” этнографиялык аймагы түзүлүп, театралаштырылган маданий түрдүүлүктүн парады, “Мыкты Боз үй”, “Мыкты Семетейчи” жана “Саркеч көчмөн” сынактары өтөт.

Иш-чара концерттер, жарманке жана улуттук оюндар менен коштолот.

Фестиваль КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтыгынын эл аралык фондусунун кызматташуусунун чегинде ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий