• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Музейдеги түн” акциясы жүрүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. 18-май - Эл аралык музейлер күнүнө карата Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Улуттук тарых музейи баштаган борбордун бардык музейлери жана арт-аянтчалары эшигин ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, музей, театр, китепкана, арт-студиялардын кызматкерлери, сүрөтчүлөр, скульпторлор, кол өнөрчүлөр, фотографтар, ыктыярчылар Бишкек шаарынын жашоочулары жана коноктору үчүн өз чыгармаларын “Музейдеги түн” акциясынын алкагында акысыз көрсөтүүдө. Бул долбоор мындан алты жыл мурун старт алып, жыл сайын өтүп келет.

Улуттук тарых музейиндеги акциянын ачылышына Маданият, маалымат, спорт жанан жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышып, бир күндө мынчалык көп искусство түрүнө күбө болуу чындыгында чоң кубаныч экенин белгилеп, өзгөчө “Музейдеги түн” акциясына Баткендик апаларыбыздын мээнети менен жасалган килемдерин алып келип, алдыбызга жайып көрсөтүп аткан уюштуручуларга ыраазычылыгын билдирип, “бугүнкү иш-чарадан руханий дүйнөгө азык боло турган таасирлерди алып кетебиз деген ойдомун”-деди.

"Аталган акция саат 22:00 чейин уланат. Музейге келгендер өзүбүздүн тарыхыбыздан сырткары дүйнө элдеринин маданий өзгөчөлүктөрүнө, анын ичинен япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлерине жана башкаларга күбө боло алат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий