• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи жолу "Бий өнөр" кароо-сынак фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда бийерман (балетмейстер), бий коюучу (хореограф) кесибин даӊазалоо жана салттуу бий өнөрүн колдоо, өнүктүрүү, бий өнөрүнө таандык болгон жаңы чыгармаларын жаратып, репертуарларды байытуу максатында I Республикалык "Бий өнөр" кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынакты Маданият министрлиги, Республикалык “Бий өнөр” коомдук фонду менен биргеликте уюштурат

Кароо-сынак фестивалы эки баскыч менен өтөт. Биринчи баскычында жалпысынан 40 бий коллективи катышып, анын 15 тандалып алынды. Эми алар республикалык кароо-сынак фестивалынын 2-финалдык баскычына катышышат.

Экинчиси, финалдык баскыч - 2023-жылы 10-июнда саат 15:00дө Ысык-Көл облусундагы "Барчын" өспүрүмдөр борборунда өткөрүлөт.

Кароо-сынак фестивалы төмөндөгү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

- Элибизге таандык этно бийлер;
- Кыргыз элдик фольклоруна таандык бийлер;
- Өзгөчө макала сынагы.

Кароо-сынак фестивалы төмөндөгү талаптар боюнча өткөрүлөт

- Кыргыз элинин байыркы салттуу бий өнөрүнүн илимий өңүттө изилдениши (тегерек стол жана мастер класс);
- Элдик бийлердин байыркы, этно-архаикалык түрүн иштеп чыгуу менен чеберчиликте аткаруу;
- Этно- музыкаларынын негизинде кыргыз этно- бийлерин чагылдыруу;
- Кыргыз бийлериндеги кыймыл аракеттердин өзгөчөлүктөрүн ачып берүү менен алардын кесипкойлугун(профессионалдуу) чеберчилик денгээлде аткарылышы;
- Элдик бийлердеги кыргыз элинин салт-санаа, үрп адат, каада салт жана элдик фольклордун ордун көрсөтүү;
- Кыргыз бийлерин жайылтуудагы жаңыча ыкмалардын колдонулушу;
- Этно-архаикалык бийлердин кийим-кечелери образдуу, уникалдуу даярдалышы керек;
- Элдик фольклор бийдин мазмунуна жараша элдик ырларды, куулорду айкалыштыруу;
- Этно-фольклор бийлерди коюуда хореографтын жекече, оргиналдуу бийлерди ойлоп табууларына озгочо конул болунот;
- Тарыхый бийлердин унутта калган түрлорун жандантып, бийлеп чыгуу;
- Чогуу бийлоодо алардын синхрондуулугу жана актердук шыктары;
- Бийчи топтордун саны 9 адамга чейин болуусу шарт;
- Бийди иштеп чыккан, коюучу хореограф өзү катыша турган болсо топтун санынын ичинде болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий