• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №6 шаардык оорукананын имаратынын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бишкекте №6 Шаардык клиникалык оорукананын 3 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө имараттын жер төлөсүнүн жана 1-кабатынын монолиттик каркас иштери бүткөрүлүп, 2-кабаттын мамычасын бекемдөө иштери башталды.

Жаңы имарат 70 орунга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 2937,7 чарчы метрди түзөт.

Кошумча имаратта ЭКГ, УДИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар каралган.

Мындан тышкары, долбоор боюнча аймак көрктөндүрүлуп жана жашылдандырылат.

Пикир

Оставить комментарий