• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эки жаран "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бишкекте эки жаран "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында Кыргызстанда тыюу салынган жана салттуу эмес диний агымдардын жактоочулары Пробация департаменти менен бирдикте мүчөлүктөн чыгаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, диний-экстремисттик уюмге катышкандыгы үчүн сот органдары тарабынан мурда соттолгон жана пробация көзөмөлүндө турган Бишкек шаарынын тургундары К.Н.Т. жана К.Б. "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунан баш тартышты.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды Кыргызстандын аймагында тыюу салынган ар кандай диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий