• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Эл аралык музыка жана бий конгресси өз ишин баштады

Маданият 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Эл аралык музыка жана бий конгресси өз ишин баштады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чараны маданият министри Азамат Жаманкулов ачып, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүчүлөрдү маданий майрамы менен куттуктады.

Салттуу музыка жумалыгы 18 жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп, 2022-жылдагы иш-чаранын илимий бөлүгү эл аралык деңгээлге чыгып жатканын чоң жетишкендик катары сыпатталды.

Конгресс КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин менен КРнын Улуттук илимдер академиясынын А .Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, Туркиянын Саккарья университети менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Конгресстин максаты – ааламдашуу доорунда салттуу музыкалык искусствонун (фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство катмарлары) сакталышын, өркүндөтүлүшүн, мазмундук, формалык жактан трансформацияланышын жана анын тарыхый, маданий, философиялык, социалдык ж.б. маселелерин талкууга алуу менен бирге оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспапчылык багыттарынын, бий өнөрүнүн кино, музей, адабият, театр, колдонмо өнөрлөрдө чагылдырылышын, “устат-шакирт” өнөрканасынын ордун, аталган искусствонун маданият сасатындагы азыркы абалын, көйгөйлөрүн талкууга алуу болуп саналат.

Ага Индия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Россиянын Хакасия Республикасы, Тыва Республикасы, Алтай Республикасы, Бангладеш, Италия, Улуубритания, Германия, Венгрия ж.б.өлкөлөрүнөн окумуштуулар катышат, конгресс оффлайн жана онлайн форматында коштолот.

Конгресс 22-апрелде жыйытыкталат.

Пикир

Оставить комментарий