• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” жана “Достук” фестивалынын алкагында “Коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы Эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференциянын ачылышында маданият министри Кайрат Иманалиев, КР президентинин пппаратынын Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, КР Улуттук илимдер академиясынын вице- президенти Осмон Тогусаков жана “Кыргыздын салттуу музыкасынын” негиздөөчүсү Роза Амановалар куттуктоо сөз сүйлөп, салттуу музыка күнүнүн белгилениши, келечекте жасала турган кадамдар жана илимий багытта иш алып баруу темасы тууралуу кайрылуу жасашты.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө 17чи ирет өтүп жаткан “Салттуу музыка жумалыгы” тууралуу билдирүү жасап, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө кошуп жаткан салымын белгилеп, бул жумалыктын келечеги үчүн жасала турган кадамдарды Маданият министрлиги ар тараптан колдой тургандыгын кошумчалады.

Илимий-практикалык конференциянын алкагында салттуу музыкалык маданияттын философиялык, тарыхый, этнографиялык, социалдык ж.б. маселелери талкууга алынууда. Анда коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн өзөгү - салттуу музыкалык маданиятта, салттуу музыкалык маданият социалдык өнүгүүнүн контекстинде, салттуу музыкалык маданиятты изилдөөнүн маданий-тарыхый, методологиялык маселелери, салттуу музыканы изилдөөнүн ХХ-ХХI кылымдардагы өзгөчөлүктөрү жана анын искусствонун театр, сүрөт, кино ж.б. түрлөрүндө чагылдырылышы жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство – гуманитардык илимдин феномени маселелери талкууланып жатат.

Аталган эл аралык конференцияны “Кыргыздун салттуу музыкасы” фонду жана Улуттук илимдер академиясынын А. Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун Фольклор, салттуу музыкалык искусствонун тарыхы жана теориясы бөлүмү уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий