• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады

Билим 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акциянын максаты балдар арасында көркөм адабиятты даңазалоо жана анын жигердүү окулушун колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бышыктоо болуп саналат.

Бул акциянын алкагында 2021-жылдын 23-апрелинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарынын Көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, анын жамааты менен баарлашты. Андан соң ал мектеп-интернатта тарбияланып жаткан балдарга «Таттуу алма» жомогун окуп берип, колдон колго өтүп саякаттай турган балдар адабияты салынган баштыкча жана ноутбук белек кылды.

Аталган мектеп-интернатта бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарынан 222 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 123 окуучу – Брайл системасы боюнча окуп жаткан көзү начар көргөндөр, 99 окуучу – көзү азиздер.

Ушул тапта мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 93 пайызы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда билим алуусун улантууда, алардын көпчүлүгү артыкчылыктуу дипломдорго ээ.

Белгилей кетсек, бул акциянын алкагында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен балдарга балдар адабияты салынган баштыкчалар жана 400гө жакын аталыштагы балдар адабияты тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий