• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокуратурада Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар. Башкы прокуратурада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жазуучу Айтматовдун бир гана Кыргызстандын эмес, бүткүл дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы тууралуу айтты.

“Айтматовдун чыгармалары 165 тилге которулган. Ал эки тилде тең жакшы жазган жазуучулардын катарына кирчү. Чыңгызхан дүйнө жүзүн өзүнүн кылычы менен таң калтырса, Айтматов жер шаарын өзүнүн калеми менен багындырган. Анын чыгармаларынын негизинде тасмалар тартылып, спектаклдар коюлуп жатат”, - деп билдирди ал.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Айтматовдун чыгармасы боюнча спектакль коюлуп, жазуучу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Эске сала кетсек, өткөн жумада Кыргызстанда Айтматовдун III Ысык-Көл форуму өттү.

Пикир

Оставить комментарий