• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев ШКУдагы санариптештирүү боюнча биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейт

Саясат 0

Душанбе, 12.10.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдөгү санариптештирүү боюнча биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгууну маанилүү деп эсептейт.

“Бүгүн биз алдыбызга жаңы перспективаларды эле эмес, жаңы жогорку технологиялык чакырыктарды ачкан санариптик маалыматтык революциянын босогосунда турабыз. ШКУнун санариптештирүү маселелери боюнча кызматташтыкты аймактагы аталган тармакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен “жол картасын” түзүү жолу менен орнотууну сунуштоого уруксат этиңиздер”, - деди Абылгазиев.

Ал санариптик модель эки тараптуу экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө көмөктөшүп гана тим болбостон, ишкердикти дагы тыгызыраак кооперацияга стимулдаштырууга, жарандардын экономикалык кызыкчылыктарынын бардык тармактарындагы убактылуу жана финансылык коротууларды кыскартууга жардам берет деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий