• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ШКУ өлкөлөрү Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат – Абылгазиев

Саясат 0

Душанбе, 12.10.18. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, уюмдун мамлекеттери республиканын товар айлануусунун жалпы көлөмүндө 73 пайызды ээлешет. Анын ичинен экспортто – 54 пайыз, импортто – 79 пайыз.

Абылгазиев ШКУнун мейкиндигинде экономикалык долбоорлорду ээфективдүү ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап финансылык механизмдерди - ШКУнун өнүктүрүү банкын тез арада түзүүнү колдойт жана ШКУнун банкынын башкы кеңсесин КРнын аймагында негиздөө маселелеринин макулдашуу жана талкуулоо процессин улантууну сунуштай турганын айтты.

“Жалпы ыкмаларды издөө максатында аталган багыт боюнча иштерди күчөтүүнү сунуштайбыз. Уюм боюнча өнөктөштөр менен алдыда жемиштүү иштешүүгө даярдыгыбызды билдиребиз”, - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий